Бишкекте «Үмүт» жаш киночулар форуму өтүүдө

Окуялар тизмеги, Өлкө 08 Ноя 2019 20:17
0 ой-пикир

Бишкекте «Үмүт» жаш киночулар форуму өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Форум 6-10-ноябрь күндөрү болуп өтөт.

«Үмүт» жаш киночулар форуму СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналып өткөрүлүүдө.

Форумда кыска метраждуу оюн жана даректүү тасмалар көрсөтүлүп, белгилүү киносынчылар жана режиссерлор менен жолугушуулар уюштурулат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.