Аргентиналык атактуу боксчу, Дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) чемпиондук курунун ээси Леонардо Хавьер Гонсалес коркунучтуу жол кырсыгынан каза болду.
Үрөйдү учурган жол кырсыгында унаа чоң ылдамдыкта жарык берүүчү түркөккө катуу урунган. 44 жаштагы спортчу унаанын алдында отургандыктан окуя болгон жерден жан берген.
Ал эми айдоочу катуу жарат алып, ооруканага жаткырылган.
Эске сала кетсек, Леонардо Хавьер Гонсалес 1995 — жылдын 2013 — жылга чейин профессионалдык деңгээлдеги мелдештерге катышкан. Анын эсеп куржунунда 20 беттешүү жана 15 жеңиши бар. 1997 –жылы Дүйнөлүк бокс уюмунун(WBO) чемпиондук курун жеңип алган.