«Ата-Бейит»: Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. ФОТО

Окуялар тизмеги, Өлкө 08 Ноя 2019 09:45
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин жана Өкмөттүн Аппарат кызматкерлери 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү Мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын Эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту.

Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалына гүл коюшту, куран окулду.


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.