Бишкектин Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги тез тамактануучу жайдан чыккан өрттүн айынан, алдын ала маалымат боюнча 1 адам (тамактануучу жайдын кызматкери) каза болуп, 13 киши жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жаракат алгандардын арасында үч бала бар. Аларды тез жардам кызматы Балдар ооруканасына алып барып, дарыгерлер текшергенден кийин балдар үйүнө кое берилген.
«Жаракат алган 9 адам Травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген. Алардын саламаттыгы боюнча кеңири маалымат кийинчерээк берилет», — деп айтылат маалыматта.