«Антошка» кафесинен чыккан өрттө жабыркагандарга жардам берилет

Окуялар тизмеги 08 Ноя 2019 15:59
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине 8-ноябрь күнү Бишкек шаарында «Антошка» кафесинен чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

8-ноябрда, саат 13:45 чамасында тез татым ашканасында жарылуу болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан 13 адам жараат алган, алардын ичинде үч бала бар, жабыркагандардын бири жеринде каза болду.

Үч бала «Тез жардам» кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкектеги травматологиялык ооруканага тогуз адам жеткирилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.