Турдакун Усубалиевдин айкели «Рух-Ордодо» орнотулду

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Ноя 2019 09:41
0 ой-пикир

Ысык-Көлдөгү «Рух-Ордо» комплексинде саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги 2-ноябрда ачылды.

Анын эс алуучу орундукта китептердин алдында отурган элесин кыргыз эл сүрөтчүсү Сабырбек Ажиев жасады. Эстелик орнотууну ардагер курулушчу, Мамэкотехинспекциянын өзөктүк, радиациялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Марат Исаков сунуш кылып, чыгымдарын көтөрдү.

Бул иш-чара Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, КР Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.