Тажикстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 3 миң бала бар, — ЮНИСЕФ

Окуялар тизмеги 04 Ноя 2019 11:55
0 ой-пикир

Тажикстанда жүздөгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок жана алар социалдык жеңилдиктерди алышпайт. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Тажикстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка караганда, «Ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды коргоо» боюнча ЮНИСЕФ менен тажик өкмөтүнүн долбоорунун алкагында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 3 миңге жакын бала аныкталган. Алардын ичинен 9 жаштан 18 жашка чейинки 2 миң балага күбөлүк берилген.

Уюмдун билдиришинче, алар эч жерде каттоого турган эмес, билим берүү мекемелерине барбайт жана социалдык жеңилдиктерди алышпайт.

ЮНИСЕФ буга чейин жүргүзгөн иликтөөлөрүндө мигранттардын балдары узак убакыт ата-энесинен алыста болгондуктан, алардын психикасы бузуларын белгилеген.

Учурда Тажикстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын так саны белгисиз.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.