Кой-Таш окуясы. Клара Сооронкулова комиссиянын корутундусуна каршы

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Ноя 2019 14:14
0 ой-пикир

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин аяктады. Комиссиянын мүчөсү , Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова 24.kg агенттигине корутундуга эмне себептен каршы добуш бергенин айтып берди. 

Анын билдирүүсүндө, комиссиянын корутундусу абдан бүдөмүк. Корутундунун өзүндө конкреттүүлүк жок жана анда атайын операцияны үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн УКМК менен ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги жазылган эмес.

«УКМК менен ИИМдин жетекчилеринин кызматтан кетиши боюнча Жогорку Кеңешке так сунуш жок. Мындан улам каршы добуш бердим. Корутундуга жөн гана хронология жазылды, бирок укуктуу баа берилген жок», — деди Клара Сооронкулова.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.