Илмияновду тагдыр өзү жазалады, — депутат Ирина Карамушкина

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Ноя 2019 17:39
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Сооронбай Жээнбековдун Матраимов тууралуу айтканына комментарий берди.

«Бир кезде Алмазбек Шаршенович дагы Икрам Илмиянов тууралуу сүйлөшүп калсак, элдер анын үстүнөн арызданып жатканын айтып калчу эле. Ал аны коргоп, аябай ишенчү. Ал дагы ошентип «Факты берсеңер, мен аны отургузам» дечү. Мен арыздануучуларга Икрам боюнча факты же далил сурап кайрылганда, алар баштарын чайкап, жылмайып коюшчу жана коркушчу… Баары бир убактысы келгенде Икрамды тагдыр өзү жазалады. Байкасаңар, бир дагы партиялашы аны коргоп сөз айткан жок, демек баары билип туруп, унчуккан эмеспи? Р. Матраимов менен дал ушул нерсе кайталанууда… Ар бир Президенттин «шкафында өз скелети бар», — деди Ирина Карамушкина.

Эске сала кетсек, 2-ноябрда өткөн ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков  Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө эки жылдан бери жумушсуз жүргөндүгүн , аны коррупциянын символу катары президенттин аты менен байланыштырып жаткандыгын айткан. Органдар териштирип жаткандыгын, бирок эч ким далилдеп бере албагандыгын белгилеген.  

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.