Патрулдук милиция Ошто 2020-жылы пайда болот

Окуялар тизмеги, Өлкө 03 Ноя 2019 20:41
0 ой-пикир

Патрулдук милицияны түзүү боюнча долбоор 2020-жылы Ошто аяктайт. Бул жөнүндө ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Темирлан Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, ири шаарларда Патрулдук милиция пайда болот.

«Кичи шаарларга келе турган болсок, бул каражаттан жана Бишкекте көрсөтүлө турган натыйжадан көз каранды болот. Биз бул долбоорду азырынча пилоттук деп атап жатабыз. Анткени, кийин оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү үчүн кандай терс жактары боло тургандыгын көрөлү дедик», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте Патрулдук милициясы 1-ноябрдан баштап иштей баштады. Патрулдук милиция шаардагы коомдук тартип, коопсуздук, ошондой эле жолдогу коопсуздукту карайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.