Аксынын эли акимге нааразы

Окуялар тизмеги, Өлкө 30 Окт 2019 15:35
0 ой-пикир

Аксынын эли райондун акимине өз нааразычылыгын билдирип, аны кубалайбыз деп жатышат . Бул тууралуу Fakt.kg. сайты жазып чыкты.

Жергиликтүү жашоочулардын айтуусунда Кербен шаарында негизги борбордук көчөлөр үч айдан бери жабык турат.

“Күндө Аксынын акими Ыманберди Досбаевге 20-30 адам кирип жолду ач деп эскертип жатышат. Аким болсо түштөн кийин ачам, эртең ачтырам деп элди алдап келүүдө . Чекедеги айылды айланып өткөн жолдордун чаңына адам чыдап болбой калды, жолдордо машиналардын тыгынынан адам басууга болбойт, борбордук көчөлөрдөгү соода түйүндөрдө соода кылган сатуучулар жол жабык эл келбей соодабыз токтоп кредитибизди төлөй албай калдык деп алар ыйлап жүрүшөт. Кыскасы бул жолду тез арада ачпаса аким мырза өз арызы менен же Аксынын эли түйүнчөгүн түйүп кубалашаары анык болуп калды!”, -дейт сайттын өздүк булагы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.