Сайкал НАЗАРОВА — атайын Elgezit.kg үчүн
Айдоочулардын шаштысын кетирген сандар. Кыргызстанда унаа сатуучулар жана кыймылдуу мүлк сатып алуучулар айласын таппай турган чагы. Себеби, 2020-жылдын январь айынан тарта мамлекетке үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унааларды каттоо Евразиялык экономикалык бирликтин бирдиктүү тарифтерине жараша жүргүзүлүп баштайт. Эксперттер жаңы баалар калктын чөнтөгүнө туура келбестигин айтышууда.
2019-жылдын 31-декабрында республикада унаага болгон алымга берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт. Мамлекеттик Бажы кызматы протоколдордогу сандарды жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берди.
“Мисалы, 2009-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 литр болгон “Тойота Камри” унаасын алалы. Азыр ал автоунааларды каттоо 1250 доллар болсо, 1-январдан соң унааны каттоо баасы 13 миң 600 доллар болот, демек баасы 11 эсеге жогорулайт”, — деди Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Нусурканов.
Унаа базарындагы эксперттер болсо кыргызстандыктардын төлөө мүмкүнчүлүгү бул суммадан үч эсе төмөн экенин белгилешүүдө.
“Кыргызстандыктар үчүн 5-6 миң доллар туура болмок. Азыр мисалы, ушундай баага унаа сатып алуучулар сапаты жана баасы жагынан туура келген 2-3 миң унаа таба алышат. Ал эми баалар жогорулагандан кийин бул суммага унаа эмес, чириген темир гана таба алышат”, — деди “Манас” унаа базарындагы сатуучу.
Сатуучулар азыр күнүнө 2-3 даанадан унаа сатып жатышканын белгилешти. Мурда болсо бир жумада бир унаа сатышчу.
“Жакында унаа дагы байлык болуп санала баштайт. Жөнөкөй жарандар унаа ала албай калышат. Жаңы алынып келинген унаалар гана эмес, буга чейин жаңы эрежеге киргиче алынып келинген унаалар да кымбаттайт. Үстүнө дагы 2-3 миң доллар кошууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатса, меникиндей эле башка унаалар кымбат болуп жатса мен эмнеге унаамды эски баа менен сатышым керек?”-деди сатуучу Аскербек Жаныбаев.
Бул абалды сатып алуучулар да түшүнүп жатышат. Айрымдар туугандарынан, досторунан карызга акча алышып, унаалар кымбаттап кеткиче алып калалы деп аракет кылышууда. Мурда кыймылдуу мүлк сатып алууну пландабагандар дагы базарга келишүүдө.
“Биз азырынча унаа караштырып жүрөбүз. Кандай үлгүдөгүсүн аларыбызды билбейбиз. Мурда унаа тууралуу ойлонгон деле эмеспиз. Азыр эл жаңы жылга чейин унаа сатып алганга жетишпесе, кийин мүмкүнчүлүгү болбостугун түшүндү.
Ошондуктан базарга келдик. Унаа сатып алып токтотуп коебуз дагы балким кийин сатып жиберебиз”, — деди сатып алуучу Орунбай Баймырзаев.
Сатып алуучулар гана шашылып жаткан жери жок, дегеним, сатуучулар дагы кол куушуруп отурушпай эле. Унаа базарында жаңы тенденция пайда болду. Сатуучулар унаа сатып алышып, сатуу үчүн орундарды эрте эле алып коюшууда. Ал жактагы унааларды сентябрь айында гана сатышат. Бирок сатуучулардын баарында эле бир нече унаа сатып алып койгонго каражаты жок. Ошондуктан айрымдары бул абалдан чыгуу жолдорун издешип, унаа чыгарган заводдор менен түз иштешүүгө аракет кылышууда.
“Россиядан унаа сатуучуларды издеп жатабыз. Федералдык авто өнөр-жай Кыргызстандагы унаа сүйүүчүлөр үчүн абалдан чыгуучу жалгыз жол болуп калмакчы”, — деди сатуучу Кыял Шүкүров.
Бул чындыкка алда канча жакын. Себеби Россиядан алынып келинген унааларга алым төлөнбөйт. 2018-жылы Россияда 2 миллионго жакын унаа чыгарылган. Аларды сатуу керек. Ата мекендик базар үчүн Казакстандын авто өнөр-жайы дагы абалдан чыгуучу жол болушу толук ыктымал. Бирок, Казакстанда 2019-жылы болгону 30 миң унаа чыгарылган. Өзбекстанда дагы жеңил унааларды чыгаруу жолго салынган. Ал жакта жылына 250 миң унаа чыгарылат. Унааларды каттоону эске алсак, анда кыргызстандыктар үчүн АКШдан, Европадан, Япониядан эмес, жогоруда биз санап өткөн өлкөлөрдөн унаа ташып келишсе арзан болот.
Белгилей кетсек, унааларды каттоого болгон баалардын өзгөрүүсү Кыргызстанга ташылып келинген унаалардын сапатына бир топ таасир берди. Мисалы, 2014-жылы баа жогорулаганда унааларды сатып келүү 55 эсеге кыскарган: мурда 100 миң унаа ташылып келинсе, баа өзгөргөн жылы болгону 2 миң унаа алынып келинген. Эксперттер эгерде 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Евразиялык экономикалык бирликтин тарифтери иштеп баштаса, анда үчүнчү өлкөлөрдөн унааларды ташып келүү 2015-2017-жылдардагыдай деңгээлге түшөрүн белгилешүүдө.
Сүрөт: REUTERS / Mike Blake / File Photo