Жээнбеков Түркиянын президенти Эрдоган менен Бакуда жолукту

Аймак, Окуялар тизмеги 16 Окт 2019 09:57
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин (ТТМКК) VII жыйынына катышуунун алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос мамиледеги мамлекет экенин өзгөчө белгиледи. Режеп Тайып Эрдогандын 2018-жылы Кыргызстанга болгон расмий визитинен кийин өлкөлөрдүн мамилеси жана мамлекеттик структураларынын ортосундагы түрдүү деңгээлдеги жигердүү диалог активдешкенин канааттануу менен белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Түрк кеңешиндеги төрагалыгы ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктады.

Тараптар дагы бир жолу биргелешкен күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө, буга чейин макулдашылгандай Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча жумушту күчөтүүгө даяр экенин белгилешти.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешинин кезектеги жыйынын, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанисин баса белгилешип, жакынкы келечекке артыкчылыктуу багыттар боюнча пландарды белгилешти.

Эске салсак, Азербайжандын Баку шаарында 14-15 октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VII жыйыны болуп өттү.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Өзбекстанды кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Ушуну менен уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө болду. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.