Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган көргөзмө ачылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 16 Окт 2019 13:14
0 ой-пикир

15-октябрь күнү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

«Эсимде» аталышындагы көргөзмө Сүймөнкул Чокморов менен анын жубайы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салима Шабазованын элесине арналган. Көргөзмө актердун уулу Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен өткөрүлүүдө.

Көргөзмөдө Чокморов тарткан сүрөттөр жана архивдик сүрөттөр коюлган.

Белгилей кетсек, быйыл 9-ноябрь күнү СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 80 жашка чыкмак. Алдыда, 17-ноябрь – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет.

Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Белгилүү коомдук ишмерлер Сүймөнкул Чокморовго Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгаруу боюнча демилге көтөрүштү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.