Депутат: «Өзүн Кудай эсептеген Арстан Алайга чара көрөлү»

Окуялар тизмеги 16 Окт 2019 12:55
0 ой-пикир

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улугбек Ормонов “Мен Кудаймын!” деп айткан адамга чара көрүүнү сунуштады.

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов “Мен Кудаймын!” деп айткан Арстан Алай боюнча материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

ИИМдин өкүлү Мирлан Каниметов улуттар аралык кастыкка же терроризмге үгүттөбөгөн уюмдар жоопкерчиликке тартылбай тургандыгын билдирди.

“Кыргызстанда теңирчилер диний уюм катары каттоодон өткөн эмес. Ошондуктан алар диний уюм болуп эсептелбейт. Ал жеке ошол “Мен Кудаймын!” деп айткан киши, анын айткан сөздөрү боюнча материалдыр чогултулуп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча атайын чаралар көрүлөт”, — деди Зайырбек Эргешов.

Эске салсак, бир жума мурда Арстан Алай Абдылдаев өзүнүн тарапкерлери менен “Аки прессте” өткөргөн маалымат жыйынында өзүнүн “адамзаттын сактоочусу” болгондугун жарыя кылса, 14-октябрда анын жыйырмадай тилектештери аракеттеги мамлекет башчысын токтоосуз отставкага кетип, бийлигин Арстан Алайга өткөрүп берүүнү, “Кут” телеканалын ачууну талап кылган чакырыктар, лозунгдар жазылган плакаттарды моюндарына илип алышып Өкмөт үйүнүн жанына митингге чыгышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.