Өзбекстан: пахта терген жоокерлер трактордун алдында калып көз жумду

Аймак, Окуялар тизмеги 15 Окт 2019 18:16
0 ой-пикир

Пахта талаасында уктап жаткан эки жоокерди трактор тебелеп кетти. Натыйжада экөө жеринде мүрт кеткен. Бул жөнүндө «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыкты.

Окуя 13-октябрда Сырдарыя облусунда болгон. 20 жаштардагы эки жоокер Фергана облусунда аскердик кызматын өтөп жаткан жеринен коңшу облуска пахта теримге көмөктөшүүгө жөнөтүлгөн. Өзбекстандык укук коргоо альянсы билдиргендей, кырсыктын чоо-жайын Сырдарыя облусунун милициясы азыркы күндө иликтеп жатат.

Жергиликтүү укук коргоочулар аскердик кызматтын пахта терим менен байланышы жок экенин белгилеп, бийликти бул окуяны жакшылап иликтөөгө чакырышты.

«Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлагандай, жергиликтүү бийлик жарандарды пахта терүүгө мажбурлабаганын билдиргени менен мамлекеттик кызматкерлер пахта талаасына күчтөп жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар токтой элек. Бийлик өкүлдөрү кызматкерлерден «пахта теримге өз ыктыяры менен катышып жатканы» тууралуу тил катты алдын-ала алып койушат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.