Отунбаева санариптештирүүгө арналган конференцияга катышат

Окуялар тизмеги 15 Окт 2019 11:35
0 ой-пикир

15-16-17-октябрь күндөрү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана бизде” аттуу конференция өтөт. Ага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Ал жыйынга облустун тургундары, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышат. Аларга санариптешүүдө ийгиликтүү иш тажрыйбалары бар мамлекеттик жана менчик ишканалардын кызматкерлери ар кандай семинар өтүшөт. Катышуучулар санариптик кадамдарды ишке ашыруу боюнча суроолорго жооп алышат.

Бул иш-чаранын максаты — “Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылына карата аймактардагы тургундарга технология жаатында дүйнөдөгү ачылыштар боюнча маалымат берүү. Жалпы аймактын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууну көздөйт. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.