Бакуда Жээнбеков менен Назарбаев жолугушту

Окуялар тизмеги 15 Окт 2019 10:07
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) VII жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул жөнүндө мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү.

Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу аземи бүгүн, 15-октябрда болот.

Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана өнөктөштүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчтөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.