Бакуда өткөн Түрк кеңешинин жыйынында беш документке кол коюлду

Аймак, Окуялар тизмеги 15 Окт 2019 19:20
0 ой-пикир

Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VII жыйынында беш документке кол коюлду.

Алар: түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетин түзүү, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү, Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басарын жана «Түрк маданияты жана мурасы» фондунун президентин дайындоо жөнүндө чечимдер.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Өзбекстанды кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Ушуну менен уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө болду. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ. Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандагы Нахчыван шаарында 10 жыл мурда түзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.