Сооронбай Жээнбеков Бакуга эмнеге кетти?

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Окт 2019 15:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Азербайжандын Баку шаарына учуп кетти. Бул жөнүндө президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, президент түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынына катышуу үчүн сапар алды. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов бар.

Жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкуулануу күтүлүүдө.

Эске салсак,  түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинде төрагалык кылуу Кыргызстандан Азербайжанга өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.