ВИДЕО: Акыйкат издеген эненин үнү Ажобузга жетеби?

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Окт 2019 13:01
0 ой-пикир

Жыпаркүл Иманкалиева аттуу эне президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жасады. Кайрылууну «Kaktus.media» порталы «YouTube» каналына жарыялады. Көз жашы төгүлүп сүйлөгөн эненин айтымында, жалгыз баласы милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып, кысымга кабылган.

«Уулум Медетке жок жерден милиция кызматкерлери кылмышты мойнуна илип атышат. Ал күнү балам Бостери шаарында досунун тоюнда отурганы, орозонун биринчи күнү болуп, кызым экөө ооз бекиткени анык. Анын күнөөсү жок экендигин көрсөткөн видео, фото, күбөлөр да бар. Ошондой болсо да баламды Бишкектеги №1 тергөө абагында бир айдан ашык кармап турушат. Урматтуу президент, жардам берүүңүздү суранам. Ал менин жалгыз балам», -дейт Жыпаркүл Иманкалиева.

Уруулукка шектүү деп кармалган Медеттин адвокаты киши сабалганын тастыктаган тактарды аныктаган. Ал эми Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы шектүү сабалганын тастыктаган дарыгерлердин маалым катын жарыялаган.

Бирок бул боюнча Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Эстете кетсек, май айында белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйү каракталган. Бишкектеги Гвардейский көчөсүндөгү үйгө түнкү саат 1:45 чамаларында беткапчан, куралданган кишилер кирип, күч колдонуп 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын уурдап кеткен.

Бул кылмышка шектүү катары милиция Каракол шаарынан 24 жаштагы Медет Бейшеков аттуу жаранды кармаганын, анын автоунаасынын ичинен далил буюмдар табылганын кабарлаган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.