Жээнбековдин Ашхабадка сапары: максаты жана коштогон аткаминерлер

Окуялар тизмеги, Өлкө 11 Окт 2019 10:45
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.  Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул жыйында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкуулоо күтүлүүдө.

Ошондой эле мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары да өтөт.

Президентти Ашхабадка төмөнкү аткаминерлер коштоп барышат: -Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков;

— Президенттин Аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

-КМШнын уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов.

Эскерте кетсек, КМШга мүчө болгон өлкөлөр: Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдавия, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

Шериктештикте бул жылы төрагалык кылуучу өлкө – Түркмөнстан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.