Жалал-Абад: Мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды

Окуялар тизмеги 04 Окт 2019 12:16
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунда Райондук электрондук тармагынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка Базар-Коргондун тургуну кайрылган. Анын айтымында РЭТдин юристи электр энергиясына болгон карызга байланыштуу соттук иштерди оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылган.

Кылмыш иши козголуп, мамлекеттик кызматкер 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.