Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна күбө катары дагы 13 адам чакырылмай болду. Алардын арасында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да бар.
Бүгүн 1-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароо уланып жатат.
Адвокат Таалайгүл Токтакунова 2010-жылдын 13-майында Чотонов Ошто болгонун тастыктоо үчүн сотко күбө катары ошол учурда ИИМ башчысынын милдетин аткарып турган Бакыт Алымбековду, экс-губернатор Мамасадык Бакировду, Чотоновдун жан сакчысы Тынчтык Аметовду, авиакомпания өкүлү Татьяна Пинчукту, президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Сатымгүл Бактаеваны, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаковду, вице-спикер Асия Сасыкбаеваны жана башкаларды, жалпысынан 13 адамды чакыруу өтүнүчүн келтирди.
Прокуратура өкүлдөрү каршылык билдирген жок.