Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында эки бир тууган балдар дааратканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Окуя 28-сентябрда болгон.
Маалыматка караганда, 13 жана 7 жаштагы бир туугандар дааратканага түшүп кетишкен. Жерине ӨКМдан 4 куткаруучу тартылып, балдардын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.