Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды баштады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 унаа токтотулган, анын ичинен 68 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты жеринен төлөшсө, 31не салык төлөгөндүгү тууралуу атайын чаптама берилди.
Салык кызматы рейддик иш-чаралар жүрүп жаткандыгана байланыштуу, транспорт каражаттарынын ээлеринен унаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техпаспортунан тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсүн суранат.
Сүрөт интернеттен алынды