Өмүрбек Бабанов: «Кырдаалга байланыштуу учуп келдим»

Окуялар тизмеги 20 Авг 2019 16:18
0 ой-пикир

Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов дээрлик эки жылдан кийин мекенине кайтып келиш себебин саясатка кайтуу эмес, «кырдаалды токтотуу» аракети менен байланыштырат. Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берип ал «7-8-августта Кыргызстанда курчуп турган кырдаал» тууралуу айтты:

— Кырдаал курчуп турганда токтотуш үчүн учуп келдим. Күч органдарынан бирөө кайтыш болуп, жөнөкөй жарандардан көбү жарадар болду. Саясаттын эң жогорку тепкичи – президенттикке талапкерлик. Мен программам менен элиме чыккам. Шайлоо болду, экинчи орун алдым. Шайлоонун жыйынтыгын тааныдым. Саясаттан кеттим деп айттым.

Бабанов президентке жана күч органдарынын жетекчилерине аны аэропорттон эле кармап кетпей, үй-бүлөсүнө жолугуп, кичи мекенине барууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылык билдирди. УКМКга шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары чакырылганын билдирди.

Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылды.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, жакында гана кайтып келди. Ал Оштун Амир-Темир конушундагы сөзүндө улут аралык чыңалууга чакырык жасабаганын билдирген.

19-августта Бабанов Финансы полициясында «Кыргызстан» банкы боюнча сурак берип чыкты. Мындан тышкары ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.