Сегизбаев сурак берди

Окуялар тизмеги 13 Авг 2019 18:24
0 ой-пикир

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берди. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча суракка алынганын, тергөөнүн ага карата дагы суроолору болсо келип көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтты.

Эске салсак, Абдиль Сегизбаев Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 11-августта суракка чакырылган. Ал 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча УКМКнын биринчи операциясы учурунда бутунан жаракат алганын билдирип келет.

Бирок, бүгүн 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын, ал өзү качып баратып чалынып жыгылып, бутун кокустатып алганын айткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.