Жаан жакын арада жаайбы? Аба ырайынын апталык болжолу

Окуялар тизмеги 07 Авг 2019 17:06
0 ой-пикир

7-8-август күндөрү Кыргызстанда абдан ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

8-9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-августта күндүз жана 10-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-10-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-августтарда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 14-августта туруксуз аба ырайы күтүлөт, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.