Азимжан Аскаровдун иши кайрадан каралып жатат

Окуялар тизмеги 30 Июл 2019 11:38
0 ой-пикир

Чүй облустук соту бүгүн, 30-июлда 2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карай баштады.

Анын иши Кыргызстандагы жазык мыйзамдарын декриминализациялоого байланыштуу каралып жатканын “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюму билдирди. Аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык абакта отурган оорулуу, жашы өткөн жарандар эркиндикке чыгышы керек:

— Чөлкөмдө жалгыз гана Кыргызстанда укук коргоочу түрмөдө. Учурда Аскаровдой 12-15 киши бар. Мисалы, гангрена болгон бир бала, оор абалда жаткан бир аял бар. Гуманизация дегенде ушуга окшоп ооруган, жапа чеккендерди абактан чыгарат.

Бүгүнкү отурумда Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов жаңы мыйзамга ылайык укук коргоочуга тагылган улут аралык кастыкты козутуу боюнча айыпты жокко чыгаруу керек экенин билдирүүдө. Ал Аскаровго карата эч кандай экспертиза жүргүзүлбөй туруп өкүм чыкканын айтты.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып,  адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.