Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» фракциясынан депутат Бактыбек Турусбеков 31-континеттер аралык сүзүп өтүү мелдешинде Босфор кысыгынан сүзүп өттү. Мелдешти Түркиянын улуттук олимпиада комитети уюштурган.
Бактыбек Турусбеков 55-60 жаш курагындагылар катышкан топ менен сүзгөн. Баардыгы болуп 85 адам катышкан мелдештин аралыгы 6,5 чакырымды түздү. Эл өкүлү аны 1 саат 6 минутада багындырган.
Эскерте кетсек, Бактыбек Турусбеков Кыргызстанда туризм маселесин көтөрүп келген депутаттардын бири.
Сүрөт интрнеттен алынды