Жээнбеков менен Швейцариянын президенти Ули Маурер жолукту (ВИДЕО, ФОТО)

Окуялар тизмеги 10 Июл 2019 19:11
0 ой-пикир

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга расмий сапары Берн шаарындагы “Лон Манор” резиденциясында бул өлкөнүн президенти Ули Маурер менен жолугушуу аземинен кийин башталды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланат.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугат. Мамлекет башчы Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу менен 9-июлда барган.

 

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.