Кыргызстандык жеке ишкер Тилек Токтогазиев Швейцариянын Nestlé корпорациясы менен келишим түздү

Окуялар тизмеги 10 Июл 2019 15:34
0 ой-пикир

Жеке ишкер Тилек Токтогазиев жакынкы күндөрү Швейцарияга иш сапары менен барып, дүйнөдөгү белгилүү Nestlé корпорациясы менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин, өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Ишкердин айтуусу боюнча, ири корпорация Кыргызстандын жер-жемиштери өзгөчөлүгүн белгилөө менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.

«Эми биз жемиштер, мөмөлөрдү жана жаңгакты көрсөтүлгөн көлөмдө сатууга келиштик. Алар биздин азыктарды кайра иштетилген түрдө сатып алууга даяр», —  дейт Токтогазиев.

Ошондой эле жеке ишкер өз түшүмүн экспортко чыгарууга кызыктар дыйкан чарбарларды Кыргызстандын агрардык Ассоциациясынын жана өндүрүрүшчүлөрүнүн альянсына кирүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, Тилек Токтогазиев өзүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына сунуштаган. Бирок, премьер-министр Абылгазиев Мухаммедкалый Токтогазиевди жаш жана тажрыйбасы жетишсиз деп, анын кандидатурасын четке каккан .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.