Кыргызстан Кытайга эң көп карызы болгон 5 өлкөнүн катарына кирди. Насыялардын жарымы жашыруун

Акыркы он жылда Кытай өнүгүп келе жаткан жана экономикасы өткөөл мезгилге туш келген өлкөлөргө насыя берүүнү көбөйттү, бул насыялардын жарымы жашыруун берилген. Мындай тыянакты Германия-Америка экономисттери чыгарганын  Deutsche Welle жазып чыкты.

Алар Кытайдын ири насыяларын түз алган 50 мамлекеттин тизмесин түшүшкөн, анын ичине Россиянын маанилүү союздаштары жана өнөктөштөрү кирген: Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмения жана Өзбекстан.

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы өлкөнүн ИДПсынын 30 пайызын түзөт

Кытайга карызы эң көп болгон 5 өлкөнүн, Джибути, Тонга, Мальдив аралдары, Конгонун арасында Кыргызстан да бар. Биздин Кытайга болгон карыз ИДПнын 30 пайызын түзөт. Беларусиянын Пекинге болгон карызы ИДПсынын 13 пайызына жеткен. Эки өлкө тең Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) боюнча Россиянын өнөктөшү.

Россия менен болгон бул аскердик-саясий биримдикке Тажикстан да кирет, анын карызы болжол менен ИДПсынын 15 пайызын түзөт. Түркмениянын карызы Беларусияныкынан бир топ көп, Өзбекстандыкы 5 пайыздан жогору. Ошол эле учурда Россия менен ЕАЭБ жана ЖККУ аркылуу өнөктөш болгон Армения менен Казакстандыкы 5 пайыздан төмөн.

Мындай маалыматты Дүйнөлүк экономика институтунун (IfW) профессору Кристоф Требеш (Christoph Trebesch) билдирди. Ал 1-июлда жарыяланган “Кытайдын чет өлкөлөргө берилген насыялары” (China’s Overseas Lending) деп аталган изилдөөнүн үстүнөн Мюнхен университетиндеги немис кесиптеши Себастьян Хорн (Sebastian Horn)  жана Гарвард университетинин америкалык экономисти Кармен Рейнхарт (Carmen Reinhart) менен бирге иштеген.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө берилген насыялардын жарымы жашыруун

Кытай берген насыяларды изилдөө мамлекеттер аралык насыя берүү дүйнөлүк тажрыйбасынын көп жылдык долбоорунун бир бөлүгү болуп калган. Кристоф Требештин айтымында, бул багыт боюнча илимий жактан Кытайга көп көңүл бурулбай келген, себеби көбүнчө эксперттер Кытайдан келген экспорт жана анын соодадагы талашына кызыгып келишкен. Көптөгөн эмгектин натыйжасында бул изилдөөнү жазган авторлор баардык булактардан маалыматтарды топтошуп, Кытай чет жактарга берген насыяларынын алгачкы маалыматтык банкын түзүшкөн.

“Биз эки негизги тыянакка келдик. Биринчиси: Кытайдын дүйнөлүк финансы системасындагы ролу алда канча маанилүү. 2017-жылдын акырына карата планетадагы өлкөлөр Кытайга 5 триллион доллардан ашуун карыз болушуптур-бул дүйнөлүк ИДПнын 6 пайызы. XXI кылымдын башында бул көрсөткүч бир пайыздан төмөн болчу”,-деди профессор Требеш.

“Экинчи негизги тыянак: Кытай өнүгүп келе жаткан же экономикасы өткөөл мезгилге туш келген, дүйнөлүк капитал рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген же такыр эле андан кол жууган өлкөлөргө насыя берүү менен алек экен. Мындай насыялардын 50 пайызы жашыруун болгонун билип, таң калдык. Бул түз насыялар жана Кытайдын АКШдан алган мамлекеттик облигацияларынан айырмаланып Дүйнөлүк валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын статистикасына кирбейт”,-деген ал.

Бирок банктардын эксперттери жана рейтингди аныктаган агенттиктер ар түрдүү мамлекеттерге насыя берүүдөгү тобокелчиликтерди аныктап жатканда дал ушул Дүйнөлүк валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын статистикасына таянышат. Демек, бул баалар өтө оптимисттик көз карашта болгондуктан бул же тигил мамлекеттин насыяны төлөй албай калышы толук ыктымал. Бул болсо бүткүл дүйнөлүк финансылык системанын капилеттен туруксуз болушуна алып келет.

Евразия өлкөлөрү Кытай менен Евробиримдиктин ортосундагы көпүрө катары өтө маанилүү

Кристоф Требеш Кытай тарабынан мурда Советтер союзунун курамына кирген өлкөлөргө насыянын көп берилиши Кытайдын “Бир кур, бир жол” долбоорунун алкагында Евразия чөлкөмүн Кытай менен Европа биримдигинин ортосунда көпүрө катары колдонулушунан улам болуп жатканын белгиледи. Муну менен катар эле Кыргызстандын Кытайга болгон карызын ал “өтө көп” деп атаган.

Мындай абалда карыздык көз карандылык тууралуу кеп кылууга болобу деген суроого профессор Требеш бул экономикалык эмес, саясий маселе экенин айтып, Кыргызстан Кытайдын экономикалык өнүгүшүнөн көз каранды болуп калганын билдирген. Эгерде Кытайда кризис болуп калса же ал мурда берилген карыздардын мөөнөтүн узартпай койсо Бишкектин Өкмөтү өтө оор абалда каларын айткан.

Бирок окумуштуу эң башкы көйгөй насыянын шарттарынын анык болбогонунда экенин билдирген. “Мисалы, биз Түркмөнстандын Кытайга 6,7 миллиард доллар карыз экенин билдик, бирок бул болгону үстүртөн, баалоо үчүн берилген маалымат”,-деген Требеш.

Башкы көйгөй — Кытай берген насыялардын шарттарынын, көлөмүнүн так болбогону

Элестетип көрөлү, Түркмения же Кыргызстан же Беларусия дүйнөлүк капитал рыногунан карыз алууну каалашты деп коелу, эл аралык насыя берүүчүлөр бул өлкөлөрдүн чыныгы карызы канча экенин билбестен алар төлөй алгандан дагы көп насыя берип коюшат.

Насыялардын көлөмү гана эмес, алардын шарттары дагы так, анык эмес экен. Борбор Азиядагы өлкөлөр жана Беларусия Шри-Ланканын тагдырын кайталап калышы мүмкүнбү? Себеби бул өлкө Кытайга болгон карызын төлөй албай калганы үчүн жаңы портун кытай фирмасына 99 жылга ижарага бергенге аргасыз болгон.

“Бул окуя баарыбызга белгилүү, бирок азыркы абал канчалык окшош экенин билбейбиз, себеби насыялык келишимдер так эмес. Биз көргөн келишимдин айрымдарында карызды төлөө кепилдиги жазылган, мисалы, чийки зат жеткирүү ж.б.”,-деди Требеш.

“Кытай Россия сыяктуу айрым мамлекеттердин карызын кечип кое алабы?” деген суроого Кристоф Требеш буга чейин деле Пекин карыздарды кечкен учур болгонун бирок кандай шарттар менен карыз кечилгенин билбей турганын айткан.

Билдирүү калтыруу