Атамбаев суракка барбай, карапайым калкка жаман үлгү көрсөтүп жатат, — Конституциялык палатанын мурунку судьясы Сооронкулова

Окуялар тизмеги 09 Июл 2019 16:20
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылгандыгы белгилүү болду. Бирок , анын адвокаты Сергей Слесарев билдиргендей, Атамбаев суракка барбайт.  Юрист Атамбаевдин суракка барбаган себеби боюнча ММК түшүндүрмө берди.

«Жогорку Кеңеш мыйзамды одоно бузуу менен Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу токтомун кабыл алган. Баш мыйзамда экс-президентти макамынан ажыратуу боюнча конкреттүү чаралар камтылган эмес», — дейт Сергей Слесарев.

«Биринчиден Атамбаев чакырууну жеке өзү колуна алган жок. Мага белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, чакыруу экс-президенттин партиялаштарынын бирине тапшырылган. Бул дагы мыйзам бузуу. Бирок эң негизги мыйзам бузуу, кол тийбестик иммунитетке ээ кишиге чакыруу жибергенинде. Мыйзамга ылайык парламент иштеп жаткан президентке айып коюп, анын ээлеп турган кызматы тууралуу маселе көтөрө алат. Бирок экс-президентти статусунан ажыратуу укугуна ээ эмес. Жогорку Кеңештин токтомунун эч кандай юридикалык күчү жок болгондуктан экс-президент суракка барган жок»,- деп белгилейт адвокат.

Буга байланыштуу жергилүктүү порталдын  «Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?» деген суроого Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова төмөнкүчө жооп берди.

«Мыйзамдын алдында баары тең болушу керек. Мыйзамга баш ийүү керек, ал эми качып жатканы албетте туура эмес. Эгерде мыйзамга баш ийбей турган болсо, баш тартып жатса мажбурлап алып келинет. Буга чейин Алмазбек Атамбаев «мыйзам бузулуп жатат» деп айтты, эгер анын кандайдыр бир дооматтары, нааразычылыктары болсо, сот турат, ага кайрылса болот.

Менимче, учурда суракка баруудан баш тартып жатканы туура эмес, себеби ал мурунку өлкө башчы катары карапайым калкка жаман үлгү көрсөтүп жатат. Буга чейин «көп тармакта реформа жасадым, башкасын кылдым» деп көп айтып келген, ал эми учурда эмнеден коркуп жатат?» — дейт Сооронкулова.

Булак: super.kg

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.