Мирбек Атабеков атасынын жаркын элесине арнап, кичи мекенинде концерт берди

Окуялар тизмеги 27 Июн 2019 11:59
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков 25-июнда Таластагы Жон-Арык айылына концерт койду. Бул концерттик иш-чара атасынын жаркын элесине арналып уюштурулган.

«Атам Бообек Атабеков 27 жашында каза болгон. Жаш экенине карабай райондогу маданият тармагында иштеп, элге кызмат кылган. Бүгүнкү күнгө чейин айылыма барып калганда атам тууралуу жакшы сөздөрдү көп угам. Ал тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Мындан улам атама куран окутуп, айыл аксакалдарынан бата алдык. Ал эми кечинде тургундарга концерт койдук. Иш-чара абдан жакшы өттү, мындай концерт болгон эмес. Элиме, мени колдоп келген чыгармачылыктагы кесиптештериме, классташтарыма, агаларыма ыраазычылык билдирем», — дейт ырчы.

Концертке Райхан Абдувалиева, Нурлан Насип, Бек Исраилов, Өмүрбек Андарбеков, Толгонай Арзыкеева конок катары келип ырдашты. Ал эми иш-чарада Канай Анаркулов алып баруучулук тизгинди аркалаган.

Сүрөт «Супер-Инфо» порталынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.