Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Опумбаев Орозбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Мамлекет башчысынын башка чечими менен ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Буга чейин аталган кызматты Идрис Кадыркулов аркалап клеген. Ал 15-майда биометрикалык паспортторду даярдоодогу жаңжалга байланыштуу кызматтын кеткен.
Сүрөт интернеттен алынды