Турсунбек Акун: «Батукаевдин иши боюнча жаңы фигуралар чыгып жатпайбы…»

Окуялар тизмеги 17 Май 2019 13:16
0 ой-пикир

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча 16-майда экинчи жолу сурак берди.

«Биринчи жолу 5 саат сурак бергем. Мен Нарымбаев, Таабалдиев жөнүндө айттым. Жаңы фигуралар чыгып жатпайбы. Экс-президент Атамбаев баштап түздөн-түз катыштыгы бар экенин, алар мага кандай кайрылганы боюнча ачыкка чыгарып жатам».

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш дарыгер кармалган.

Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.