Турсунбек Акун эмнеге өкүнөт?

Окуялар тизмеги 12 Май 2019 17:07
0 ой-пикир

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кримтөбөл Азиз Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөрүн билдирди.

“Ошол догдурлар койгон диагнозго ишенбей, кайра аны текшерип чыгууну талап кылсам болмок экен. Мыйзамдагы уурунун отура турган дагы сегиз жылы бар, муну дароо чыгарып жиберүүгө болбойт дешим керек эле. Азыр убагында анын укугун коргоп чыкканыма өкүнөмүн”, — деди Акун.

«Батукаев Турсунбек Акундун кызматы үчүн жасалма 200 миң доллар берип кетиптир, кийин алган акчалары жасалма экенин көргөн Акун жер чапчып ыйлаптыр» деп ошондо эле айтышкан. Эми болсо Батукаевдин иши менен жалгыз доктурду камап коюшту.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.