Мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар керекпи? Мансап жана акыбет тууралуу…

Аналитика, Статьялар 03 Май 2019 15:49
0 ой-пикир

Мамлекеттик наамдар менен сыйлыктар, анын берилиши боюнча маселеге келсек, бул ыраматылык СССРден калган эски мурас экени талашсыз. Дегеним, кагаз түрүндөгү сыйлык, темир түрүндөгү наамдар азыр айрым постсоветтик өлкөлөрдө гана калды. Өнүккөн, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө мындай сыйлыктар, ага жетем деген «оору», интригалар, ошол сыйлык-наамдарга карап айлык маяна, пенсия чектөө деген система такыр жок. Андыктан, менимче «тигиники бар экен, мунуку жок экен» дегенден арылып, сыйлык — наам дегенди жоюп салсак деле туура болмок.

Ошону менен бирге наамдардын туура берилбей жатканы, сыйлыктар өз ээсин таппай калганы өкүндүрөт, албетте. Тескерисинче, мамлекеттик сыйлыктарды же ардак наамдарды акыркы жылдары аты чыга элек, элге эмгеги сиңбей эле, ыкчам түрүндө бере салган учурларды, аны «шап» эле «ооба, мен татыктуумун» деп ала койгондорду дагы жакшы билебиз. Наамдарды алганы алып, кантип эл арасында ошол деңгээлге жеттим, сыйлыкка татыктуумун деп айта албагандар толо.

Еlgezit.kg басылмасы бул теманын алкагында белгилүү инсандардын оюн угуп көрдү. Алгач, биз Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, кинорежиссёр, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияздын пикирин уктук.

«Сыйлыктарды туура эмес берилип жаткан схеманы ачуу мезгили келди»

-Акыркы убактарды наамдар туура берилип жатабы? Сыйлыктар өз ээсине жетпей калганын себеби эмнеде?

-Бул маселени туура козгодуңуз. Акыркы жылдары бул нерсе абдан чыр-чатак маселеге айланды. Себеби эмнеде? Анткени мунун табияты ошондой. Менин баамымда көптөгөн сыйлыктар туура эмес берилип калган. Мамлекеттик сыйлыктардын комиссиясы көп эле учурда өзүн билемдикке салып, татыктуу эмес адамдарга тапшырып коюп жатышат. Наамды алуу максатында президентке чейин кирип, маселени чечүүгө аракеттер күч. Бирок, биз, эгер бул схемаларды ачып, тазалап, агартсак болот. Колдон келет. Муну кардиналдуу түрдө өзгөртүү керек. Сыйлыктарды татыктуу гана адамдар алышы керек.

Белгилүү журналист Тынчтыкбек Алтымышев наамдар тууралуу мындай дейт:

«Наамдарды жоюп салсак туура эле чечим болот»

— Мамлекеттик наамдар менен сыйлыктар, анын берилиши боюнча маселеге келсек, бул ыраматылык СССРден калган эски мурас. Дегеним, бул кагаз түрүндөгү сыйлык, темир түрүндөгү наамдар азыр айрым постсоветтик өлкөлөрдө гана калды. Өнүккөн, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө мындай сыйлыктар, ага жетем деген «оору», интригалар, ошол сыйлык-наамдарга карап айлык маяна, пенсия чектөө деген система такыр жок. Андыктан, менимче «тигиники бар экен, мунуку жок экен» дегенден арылып, жоюп салсак деле туура болот.

Өткөн жылдары жакын адамым маданият министри болуп калды. Бир айдан кийин айтат «күнүнө 15-20 аксакал, акын-жазуучу, куудул, ырчы кезекке туруп келет. Маселеси-сыйлык, наам. Кыргыз не мынча атакты жакшы көрөт, ыя?» деп…

-Мисалы, акыркы убакта ЖКнын депутаты Тазабек Икрамовго «Билим берүүнүн отличниги» берилиптир дешип ызы-чуу. Ведомстволук эле наам. Ал болсо мектепте бала окутпаса да, Сузакка өз күчү менен спорт мектебин салды, 30дай мугалим иштеп, күрөш боюнча кадеттер боюнча эл аралык чемпиондор тарбияланып чыгууда. Өзү тармактык комитеттин башчысы катары билим берүүдөгү маселелерди көтөрүп, коррупцияга каршы туруп келет.

Белгилүү куудул Тынар Курбаналиевдин пикири боюнча наамдар менен сыйлыктар туура эмес берилип жатканынан ага татыктуулар жапа чегүүдө дейт.

— Наам менен сыйлыктар айрыкча шоу-бизнесте туура эмес берилип жатканын белгилесем туура болот. Себеби көп жылдар бою иштеп, элге эмгегин өтөп кеткендер албай, көмүскөдө калып жатканы өкүндүрөт. Алардын көбү арабыздан өтүп кетип жатат…

— Наамга «татыктуу» эмес деп сиз кимдин ысымын атай аласыз?

-Татыбагандар толтура. Айтпаса да аларды эл өзү билет, айтыштын кажети деле жок. Бирок, ошолор эртең элдин бетин кантип карайт. Ал эми татыктуулар абдан эле көп. Бирок, тилекке каршы, аларга эмнегедир берилбей жатканы таң калтырат. Мисалга, ырчы Гүлнара Кахарова эжекебиз. Ал өмүрү бирөөгө жагалданып-жалбарып чай куюп бербеген киши.

Көзү өтүп кеткендерден атасам, өзүмдүн эле кесиптештерим Манас Бердибеков, Жаныбек Алыкулов ж.б.

-«Таанышың бар таңкасын, таанышың жок маңкасың» дегендей, азыр баары эле акча, тааныш аркылуу маселе чечилип калбадыбы…? Сиздин кандай наамдарыңыз бар?

-Туура. Менин наамым деле жок. Чындыгында мен бюджетке көп акча түшүрөм, салым кошом. Ошону эч ким байкабайт. Ош шаарында концерттик-шоу берип калсам, 5 күнгө эле 70-80 миң сомдун аралыгында акча төлөймүн. Ал эми Бишкектен концертимдин берүү үчүн эле Спорт сарайга 1 күнгө эле 70 миң сом салык төгөм. Бул дагы мамлекетке кошкон чоң салымым.

Композитор Жамиля Муратова наамдар тууралуу мындай дейт:

— Учурда наам тууралуу эмне болуп, эмне кылып жаткандары белгисиз. Эч нерсе өзгөрбөйт деп ойлойм. Анткени коррупцияга кокобузга чейин малынып калдык го. Азыр өлкөдөгү депрессия акыбалын ойлосом, өкүрүп-бакырып ыйлагым келет. Андан көрө, жаштарга ырдаганды үйрөтүп, бир нота жазганым туптуура мен үчүн. Кайсынын бирин айтайын. Бир гана наам берүү көйгөйлүү бир маселе болсо, анда жыргабайт белек. Оңой эле чечип коёт элек го.

Албетте, сыйлык алгандын баары эле ага таттыктуу эмес деп айтуу да туура эмес. Мисалы, быйылкы жылы эң эле жогору наамга татыктуу болгондордун бири – спортчу айым Валентина Шевченко. Ага «Даңк» ордени тапшырылганы туура болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды жыл башында тапшырган. Сыйлангандардын арасында — энергетика менен тоо кен тармагына өмүрүн арнаган аксакалдар Карыпбек Алымкулов жана Орозбек Дүйшеев, эгемен Кыргыз армиясынын калыптанышына эмгеги сиңген генерал Исмаил Исаков, профессор Сыртбай Мусаев, алыскы тоолуу айылдын мугалими Гүлүмкан Тургунбаева, балдар акыны Каныбек Жунушев, белгилүү обончу, аткаруучу Атайбек Бөдөшев, сатирик Абдылда Иманкулов, профессор Любовь Зубехина, парламент депутаты Азамат Арапбаев, зоотехник-селекционер Орозбек Алимжанов жана башкалар бар.

Мындан тышкары, Президент Ефим Борисович Якирь атындагы автордук физика-математика мектебиниин окуу комплексинин ишин белгиледи. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча бул 61- мектептин бүтүрүүчүлөрү ар дайым 200 баллдан ашык алышып, алтын сертификаттардын ээси болушат.

Муну менен катар чыгаан журналист Улан Эгизбаев каза болгондон кийин президент жана башка уюмдар тарабынан бир канча сыйлыктарга ээ болгон. Ал өзүнүн курч иликтөөлөрү менен кыргыз журналистикасына чыйыр жол салып кеткен журналист катары белгилүү. Ошондой эле, жакында эле Улан Эгизбаев атындагы көчө Ак-Ордо жаңы конушунда пайда болду. Аны жергиликтүү тургундар өзүлөрү демилгечи болуп, журналисттин атына коюшкан.

Сыйлык таттыктууларга тапшырылса, ким кубанып, колдобосун. Мисалы, Нобель сыйлыгын алган бир да инсанды таттыктуу эмес деп айтууга болбойт. Бизде да ошондой болсо. Же ушул сыйлык, наамдарсыз эле жашасак. Элдин сый-урматынан артык сыйлык барбы дегеле.

Маалымат катары: Нобель сыйлыгы (англ. Nobel Prize) — академикалык, маданий же илимий жетишкендиктер үчүн шведдик жана норвегиялык институттар тарабынан бир нече категориялар боюнча жыл сайын ыйгарылган эл аралык сыйлыктардын жыйындысы. Сыйлыктар шведдик ойлоп табуучу Алфред Нобельдин керээзи менен 1895-жылы негизделген. Химия, адабият, тынчтык, физика жана физиология же медицина тармагындагы сыйлыктар биринчи жолу 1901-жылы ыйгарылган. 1980-жылга чейинки медалдар 23 карат алтындан чегилген, андан кийин 18 карат жашыл алтындан куюлуп, 24 карат алтын менен капталган. 1901-жылдан 2016-жылга чейин Нобель сыйлыктары жана экономика илимдери боюнча сыйлыктар 911 адам менен уюмдарга 579 жолу ыйгарылган. Айрымдары Нобель сыйлыгын бир нече жолу алып, жалпы 23 уюмду жана 881 инсанды түзгөн.

Сыйлык тапшыруу аземдери жыл сайын Швециянын Стокгольм жергесинде болуп өтөт (Норвегиянын Осло жергесиндеги тынчтык сыйлыгын эске албаганда). Ар бир сыйлык ээси же лауреат бир алтын медал, диплом жана Нобель фонду тарабынан белгиленген бир суммадагы акчаны алат. (2017-жылга карата, ар бир сыйлык SEK 8,000,000 же 920,000 АКШ долларына, €823.000, £716.000 же CNY6.630.000 барабар болгон). Нобель сыйлыгы адабият, медицина, физика, химия, тынчтык жана ошондой эле экономика илимдер тармактарында жеткиликтүү болгон эң абройлуу сыйлык деп саналат.

Швед падышалык илимдер академиясы физика, химия тармактарында Нобель сыйлыгын, экономика илимдери боюнча Sveriges Riksbank сыйлыгын ыйгарат; Каролинска институтундагы Нобель ассамблеясы физиология же медицина тармагындагы сыйлыкты тапшырат; Швеция академиясы адабият тармагындагы Нобель сыйлыгын берет; Нобель Тынчтык сыйлыгы болсо Швеция уюму тарабынан эмес, Норвегия Нобель комитети тарабынан ыйгарылат.

Аталган сыйлыкты кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов албай калганы өкүндүрөт. Жакшы эле демилге болгон эле, маселени түрк туугандар да колдоп, кубаттаган болчу. Аттиң…

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg редакциясы үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Cүрөттөр интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.