Уран кенин казуу иштерине экс-президенттин тиешеси жок

Окуялар тизмеги 24 Апр 2019 16:43
0 ой-пикир

Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүү маселеси боюнча Алмазбек Атамбаев президент жана премьер-министр болуп турган учурда, анын деңгээлинде каралган эмес. Мындай билдирүүнү Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) таратты.

КСДП партиясы Атамбаев 2012-жылы өкмөткө Борбор Азиядагы радиациялык коопсуздук боюнча БУУнун кийинки 2013-жылы кабыл алынган атайын резолюциясы боюнча демилге көтөрүүгө тапшырма бергенин, 2017-жылы бул тууралуу өзү БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөнүн жүйө келтирет.

«Ушундан улам Алмазбек Атамбаев өлкө президенти болуп турган мезгилде аткаминерлер Кызыл-Омполдогу уран кенин өнөр жайында казып алууга уруксат бергенге даабай, геологиялык чалгындоо иштерине гана уруксат берүү менен чектелишсе керек», — деп айтылат билдирүүдө.

24-апрелде Жогорку Кеңеште отчет учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-2011-жылдары геологиялык чалгындоо жүргүзгөнүн билдирген. Өкмөт башчы уруксат кагаздары тууралуу айтып жатып: «Мурдагы жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев, кийин Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен», — деди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.