Уранды казып алуу боюнча эксперттердин пикири…

Аймак, Аналитика, Саясат 22 Апр 2019 17:18
0 билдирүү

Еlgezit.kg басылмасы Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенин казуу боюнча көз карандысыз эксперт Максатбек Мамыткановдун пикирин угуп көрдү.

-Кен казып алуу боюнча биринчи кезекте эмнелерге көңүл буруу керек?

-Биринчиден казуу иштерин жүргүзүү боюнча уруксат кагаздар болуусу керек. Экинчиден, менин билишимче, ал жерде учурда  чалгындоо иштери гана жүрүп жатат. «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча айта кетсем, алар 2010-жылы лицензия алган экен. Чалгындоо иштерин эми гана башташыптыр. 2013-жылы ал экинчи лицензиясын алып, ошондон бери ушул кенде ишин улантып келет. Бүгүнкү күнү атайын комиссиянын ишин күчтөндүрүү, анын ачык жана айкын ишмердигин камсыз кылуу, ишке жогорку класстагы эксперттерди тартуу керек. Мына ошол компания азыр ал жерде урандын көлөмү канча экенин далилдеши керек. Андан соң алар кандай жол менен уранды казып алат, мына ошол абдан маанилүү. Анткени химиялык жол менен казып алса, бул нерсе экологияга олуттуу зыян келтириши ыктымал. Мына кептин баары ошондо болуп жатат.

Максатбек Мамыркановдун пикиринде, Экотехинспекция тарабынан туура эмес маалыматтар берилип жатканын да белгиледи.

-Биздин адистер дагы аралашып, алардын ишмердүүлүгүнө кызыкдар болуусу шарт. Учурда ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатат. Элге туура эмес маалымат жетсе, көтөрүлүшкө чыгат. Экотехинспекция бул жагын көзөмөлгө тез арада алуусу кажет, — дейт эксперт.

«Бизде бул жаатта тийиштүү, талапка ылайык адистер да жокко эсе. Ошондуктан, казып ала турган компания бизге ачык эле айтышы керек кандай жол менен уранды казып алаарын».

— Биздин чиновниктер дагы, эч бир тажрыйбасы жок адистер бул тармакка келип отуруп алган, эч нерсени билбей божомолго салган да туура эмес деп ойлойм.

Белгилей кетсек, КРнын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды. Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, 2018-жылдын 31-декабрында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү тарабынан калк өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушууларды өткөрүү максатында бир нече жолу сапарлар уюштурулган, ошондой эле лицензиялык аянттын жана кендин айланасынын табигый радиациялык фонун радиометриялык өлчөө жүргүзүлгөн. Иштин жыйынтыгы боюнча Таш-Булак Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кени боюнча аралык отчет даярдалган.
Бирок, уран аянтын өздөштүрүү боюнча маселелерди терең жана ар тараптуу изилдөө максатында 2019-жылдын 18-апрелинде Премьер-министрдин чечими менен бардык компетенттүү мамлекеттик органдарды тартуу менен кеңейтилген курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
Өкмөт башчы комиссияга комиссиянын Иш-планын иштеп чыгуу жана бекитүү, айлана чөйрөгө, мал чарбачылыгына жана адамдын саламаттыгына тийгизген таасирине карата мониторинг жүргүзүүнү жана талдоону тапшырган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, уран кенине байланыштуу бардык чечимдер ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгын эске алуу менен гана, бардык акыркы анализдер жана зарыл болгон оң экологиялык жана техникалык экспертизалар алынгандан кийин кабыл алынат.

«Уран кенинде иштеген компания 2004-жылы катталган, 2010-жылы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. 2013-жылы ал экинчи лицензиясын алып, ошондон бери ушул кенде ишин улантып келет. Бүгүнкү күнү атайын комиссиянын ишин күчтөндүрүү, анын ачык жана айкын ишмердигин камсыз кылуу, ишке жогорку класстагы эксперттерди, парламенттин депутаттарын, жарандык коом жана жергиликтүү калк өкүлдөрүн тартуу керек. Болушунча объективдүү жана ачык иштөө кажет. Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башка чечим
кабыл алуу зарыл. Ошондуктан мен комиссиянын дыкат, ачык жана объективдүү ишин камсыздоону
тапшырам. Бул менин талабым жана Өкмөттүн позициясы», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Сүрөт: Кенди казып алганга нааразы болгондор

Ал эми профессор Каныбек Осмоналиев Еlgezit.kg басылмасы уранды казып алуу боюнча пикирин төмөнкүчө айтып берди:

«Радиоактивдүү заттарды казып алып коммерциялык иштерди жүргүзөбүз дегендин өзү жеңил ойлуулук же кылмыштуулук болот».

— Мен өзү профессионал-физикмин. Менин илимий иштерим жогорку энергетикалык нурдануулардын заттарга тийгизген касиеттери жөнүндө. Андай нурларды физиктер бүгүнкү күндө абдан терең изилдеп, алардын жардамы менен укмуш техникалык маселелерди чечип, адамзаттын турмушуна кеңири колдонууга жетише алды. Бул дүйнөлү практика. Коллективдүү ийгилик. Эми кээ бир химиялык элементтер өз алдынча эле, спонтандык түрдө жогорку энергиялуу нурларды чыгара алат. Алардын эң көрүнүктүүсү уран. Бул элемент жер кыртышында, б.а. литосферада, анан деңиз суусунда кездешет. Ал таза түрүндө жокко эсе! Урандын изотобунан ядролук отун даярдалат.

Ошондуктан, ал өтө баалуу жана стратегиялык зат болуп эсептелет. Жараткан Кыргызстанга урандын кенин мол берип койгон экен, тээ СССРдин мезгилинде эле Майлуу-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сайларда ж.б. уран кендери ачылып, Совет өлкөсүнүн ядролук держава болуусуна чечүүчү вазийпасын сиңирип койгон экен. Бул жакшы, сыймыктансак болот! Бирок, уранды кен катары казып алуунун татаал технологиясы бар. Анткени, бул зат өтө радиоактивдүү, эч кандай абсолюттук коопсуздукту камсыз кылып иштетүүгө баш ийбейт. Анын нурунун кедергисин мүмкүн болушунча азайтуу жөнүндө гана сөз кыла алабыз. Ошондуктан, биздин азыркы башаламан, жоопкерсиздик менен иш алып барып жаткан тарыхыбызда, дегеле эле уран, торий ж.б. Оңой акчанын артынан түшүүнүн дагы бир чеги болуусу керек да! Ысык-Көл — бул уникалдуу биосфералык зона! Мындай уникум дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок. Кырдаалды адекваттуу түшүнгөн калктын басымдуу катмары ошол үчүн каршы болууда! Кыргыз өкмөтү рекрациялык зоналарда кен иштетүүгө тыюу салган мыйзам демилгелеп, мындай акмакчылыкты кан буугандай токтотушун талап кылат элем! Күнүмдүк баюу жолуна түшкөн абийирсиз «ишкерлердин» демин суутуп койсо жакшы болот эле!, — дейт профессор Осмоналиев.

Уран (химиялык элемент) — (лат. Uranium, U) — элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобундагы радио активдүү элемент.

Актиноиддерге кирет. К. н. 92, ат. м. 238,029. Урандын м. сандары 228U — 241U болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу — 237U. Жер кыртышынын (массасы боюнча) 3-10 4 % ин тузөт. 1789-ж. немис химиги Мартин Генрих Клапрот ачкан, металл түрүндөгү 1841-ж. фр. химиги Эжен Пелиго У. 11С14тү калий менен калыбына келтирүүдөн алган: UC1.+ 4К = U + 4KC1 4 Табиятта Уран отенит, титаниттер, танталониобат ж. б. минералдардын курамында болот. Ак түстөгү, оор металл; б. эрүү t 1572°С; кайноо t 4487°С; бирикмелеринде +3, +4, +5 жана +6 (кээде +2) окистенүү даражаларьш көрсөтөт. Уран кычкылтек менен U02, U03, U203 оксиддерди, галогендер менен галогениддерди, азот менен 450-700°Сде U4N7 нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен ар түрдүү куймаларды пайда кылат. Уран туз, азот кислотаталарында жакшы эрийт, ал эми щелочтор менен реакцияга кирбейт. Урандын (III) валенттүү бирикмелери күчтүү калыбына келтиргич заттар. Уран жана анын бирикмелери АЭСте ядро реактор отуну катары, ошондой эле металлургияда колдонулат.

Жазгүл Урмамбетова,

Еlgezit.kg редакциясы

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.