«Инфокомдун» жетекчиси тендерден уткан компаниянын өкүлү менен Лондондо жана Алматыда жолуккан

Окуялар тизмеги 19 Апр 2019 13:30
0 ой-пикир

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы (АКС) учурда паспорт чырын саясий нукка буруу аракети жүрүүдө деп билдирди.

Бүгүн, 19-апрелде аталган кызмат билдирүү таратып, анда эки айга тергөө абагына камалган Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Талант Абдуллаев 2016-жылы бир нече жолу тендерде уткан компаниянын өкүлү менен алгач Лондондо, кийин Алматы шаарында жолукканы айтылган.

Билдирүүдө тендерде паспорттун бланктарын даярдоого сумманы аз көрсөткөн компаниялар тандалбай калгандыктан өлкөгө 253 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени айтылат.

17-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган. Алар паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендерде “белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет” кылышкан деп айыпталып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.