Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий иш сапары башталды

Окуялар тизмеги 15 Апр 2019 10:02
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде эки күндүк расмий иш сапары менен Германияга келди.

Визиттин биринчи күнү, 15-апрель экономикалык блокко арналат. Мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумга катышып, Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөп, айыл-чарба ишканасына барат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхен шаарында Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Германияда иштеп, жашаган кыргызстандыктар менен жолугушат.
16-апрелде, Берлинде, Президент Сооронбай Жээнбековдун ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель прессага билдирүү жасашат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.