«Бабановду ортодо оюнчук кыла салып, өздөрүнүн купуя тилектерин ишке ашырабыз дегендердин тилеги таш капты»

Интервью, Саясат 15 Апр 2019 14:06
0 ой-пикир

Еlgezit.kg электрондук гезити Кыргызстандагы акыркы болуп жаткан окуялар туурасында, анын ичинде Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келбей калганы тууралуу белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиевдин оюн ортого салат.

-Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келем деп элди дүрбүтүп, кайра айткан сөздөрүнө турбай, өлкөгө келе албай калганынын себебин да айтты. Үчүнчү күчтөр деп. Президент боло турчу адам жада калса Садыр Жапаров жасаган кадамга да бара албай, алсыздыгын көрсөттү, демек ал күнөөсүн моюнуна алдыбы?

— Өмүрбек Бабановдун элдин тынчылыгын ойлоп, өзүнүн аброюна шек келгенине кайыл болду. Бул кадам, тескерисинче, акылы менен достошкон адамдар үчүн жакшы феномен! Бузукулар айта беришет да. Эмне кан төгүлүп, уул-кыздарыбыз жабыр тартыштары керек беле? От менен ойнобоңуздар дейт элем, кээ бир катуу кетип жаткан «азаматтарга».

«Бабановдун ортодо оюнчук кыла салып, өздөрүнүн купуя тилектерин ишке ашырабыз дегендердин тилектери таш капты.

Ооздорунан алдыргандай болуп отуруп калышты. Ошондуктан, Бабановду мүмкүн болушунча каралап жатышат», -дейт Каныбек Осмоналиев.

Маектешкен Жазгүл Урмамбетова,

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Еlgezit.kg редакциясы

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.