Жыргалбек Турускулов: «Өмүрбек Бабанов келе турганын жарыялабай эле койсо болмок» (видео)

Интервью, Саясат 12 Апр 2019 11:48
0 ой-пикир

Өмүрбек Бабановдун мамлекетке кайтып келүүсү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун пикирин Еlgezit.kg укту.

— Өмүрбек Бабанов мамлекеттен чыгып кетип жатканда да фракция жана саясий кеңеш менен кеңешкен эмес. Бул ирээт дагы кеңешпей эле келгени жатат. Массалык Маалымат Каражаттарында бул тууралуу талкуу абдан кызыды. Мындай жол менен келбей эле койсо болмок деген пикирдемин, — дейт фракция лидери.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.
УКМКнын маалыматы боюнча Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Нооруз күнү Бабанов кыргыз элине куттуктоо жолдоп, сөзүнүн соңунда «жакында көрүшкөнчө» деп жазган. Ал эми УКМК саясатчы келсе «мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын» эске салган.

Еlgezit.kg редакциясы

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.