Өмүркулов Масалиевге жооп берди (видео)

Окуялар тизмеги 10 Апр 2019 11:05
0 ой-пикир

Масалиевдин «КСДП коалициядан чыгып кетиши керек» деген билдирүүсүнө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мындай деп жооп берди:

— “Республика Ата-Журт” коалицияга кошулушуна мыйзам каршы эмес. Ал жерде “кошулууга болбойт” деген жазуу боло турган болсо, анда кошулбаса болмок. Кошулушу мыйзамдуу. Көпчүлүк коалиция бүгүн бар, иштеп жатат. Ал эми коалициянын ар бир фракциясы коалицияда болобу же болбойбу, өздөрү чечишет. Экинчиден, туура, КСДП бүгүн де-факто жана де-юре экиге бөлүндү деп айтсак болот: экс-президентти колдогондор жана бүгүнкү курсту, мамлекетте болуп жаткан иш-чараларды жана бүгүнкү бийликти колдогон биздин партиялаштар.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө — КСДП, «Республика Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата-Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.