Камчыбек Ташиев Турсунбек Акунга жооп берди

Окуялар тизмеги 09 Апр 2019 10:04
0 ой-пикир

Саясатчы Камчыбек Ташиев Турсунбек Акунду шылуун деп атады. Бул тууралу ал социалдык баракчасына жазып чыкты.
“Турсунбек Акун деген шылуун оңолбос болду го, Бабанов менен Ташиев бийликти басып алабыз деп жатыптыр деген таризде интервью бериптир, тынчтык болсун деп чуркап жүргөн менен иши жок, ушул дежурлардын бийликке жагалмайы эч токтобос болду го же курсагы тоюп тынбады, пайдасынан зыяны көп адам экен го же Батукаевди эстетип койсокпу…”,- деп жазды Камчыбек Ташиев.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабанов менен Москвада жолуккан. Ал жолугушууда Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтышы боюнча да сүйлөшүүлөр болгондугу айтылган.
Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экөөнүн жолугушуусу боюнча маек берген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.