Алманбет Шыкмаматов, депутат: «Жогорку Кеңеш тарасын». Буга 3 себеп бар

Окуялар тизмеги 09 Апр 2019 16:24
0 ой-пикир

Мындай билдирүүгө эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева кесиптешинин бул билдирүүсүн популисттик деп эсептеди

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламентти таркатуу демилгесин колдоого даяр. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына билдирди.

Ошону менен бирге эл өкүлү Жогорку Кеңеш өз ишмердүүлүгүн токтотушу керектигин жана анын себептерин айтты.

— Эгерде парламентте өзүн өзү таркатуу демилгеси көтөрүлсө мен колдомокмун, — деп билдирди Шыкмаматов. — Мен ушундай сунуш киргизсем, эч ким колдобойт жана популисттик билдирүү деп эсептейт. Анткени менен бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин таркап кетишине үч негизги себеп бар: коркоктук, багыттын жоктугу жана массалык наалатка калуу.

Ал ортодо депутаттын бул билдирүүсүн чындап эле курулай сөз деп аташты.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиеванын пикири боюнча, парламенттин таркашын көбүнчө тажрыйбалуу саясатчылар шайлоочуларга жагуу үчүн айтышат.

— Биздин айрым бир саясатчылардын укмуш касиеттери бар — ал элге көрүнүү үчүн иштөө, — деп комментарий берди Vesti.kg сайтына. — Башкача айтканда, андай демилгени эч ким колдобошун билип туруп эле шайлоочулардын көзүнчө ушундай интервьюларды бере беришет. Анткени менен парламентте мындай демилге талкууланып калса биринчи болуп каршы чыгышат.

Сурабалдиева бүгүнкү күндө чындап элдер Жогорку Кеңештин ишине нааразы экендигин белгиледи.

— Өзүнүн электораты менен иштеген адамдар бар, — дейт эл өкүлү. — Парламантте элге белгилүү жана эч ким билбеген адамдар отурушат. Биздин кээ бир көтөрбөгөн демилгелерибиз элдин нааразычылыгын туудургандыгын моюнга алышыбыз керек. Мисалы, Жогорку Кеңештин ушул убакка чейин билим берүү министрин иштен алуу тууралуу демилге көтөрбөгөндүгү. Алмамбет Насырканович бир нерсени эсинен чыгарып жатат — алар оппозицияда турат азыр. Албетте, аларга азыр сындаганга оңой. Бирок кудум ошол оппозицияда эки күчтүү комитет бар, анын бири бюджет боюнча. Менимче, кимдин эмнеге жооп беришин териштире келгенде, жарандардын көптөгөн суроолору алардын фракциясына берилип калат.

Ошону менен бирге Эльвира Жыргалбековна шайлоо — бул шайлоочулардын акчаларына өтүүчү кымбат баалуу ырахаттануу экендигин кошумчалады.

— Оппозиция жана коалициянын министрлер боюнча өз квоталары бар, жана биз өлкөдө болуп жаткан нерселерге баарыбыз бирдей жооп беребиз, — деп баса белгиледи ал. — Эгемендүүлүктүн 28 жылында биз 30 өкмөттү алмаштырдык. Элдер оозу менен эле министрлер кабинети алмашсын деп коё беришет, бирок ошол эле учурда ал алмашууга кеткен акча өздөрунүн чөнтөгүнөн кетип жатканы менен иши жок.

Шайлоолор да кымбат иш чаралар. Эгерде күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо кылсак, чыгым көп болот. Анткени 2019-жылдын бюджетинде ал каралган эмес. Кайсы бир жерде айлыктан же социалдык төлөмдөрдү кыркууга туура келет.

Эске салсак, Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.