Бакыт Төрөбаев, эл өкүлү: «Бүгүн сиздер менен бирге революция жасайбыз»

Аймак, Экономика 08 Апр 2019 09:53
0 ой-пикир

Ата мекендик продукцияны бир адам сатып алса, бир жумуш орун сакталат 

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Жумуш орун – бул эмне” аттуу иш-чаранын алкагында ЖК депутаты Тынчтык Шайназаров жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Резина продукт” галош чыгаруучу фабрикасынын иши менен таанышты.

Бул ишкана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөлөрү ачкан 33 ишкананын бири. 30 адамды жумуш менен камсыз кылган фабрикадан, аткезчилик жолу менен кепичтер кирбей, өндүрүлгөн продукциялар сатылганда жылына 600 миңден 800 миң жупка чейин кепичтер өндүрүлмөк. Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев кыскача кепичтин тарыхына токтолуп: “Галош – бул эч качан модадан калбай турган бут кийим. Фабрикада баардык жумуш адамдардын колу менен жасалат. Бирок, ишкерлердин айтымында Өзбекстандан аткезчилик жол менен кирген галоштор ички рынокту ээлеп, ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган продукциялар атаандаштыкка туруштук бербей жатат. Эгерде өкмөт кошуна өлкөдөн кирген товарлардан кошумча нарк салыгын, бажы төлөмдөрүн мыйзамдуу алып, көзөмөлдү күчөткөндө ата мекендик өндүрүшчүлөргө чыныгы атаандаштыкты жаратып бермек”, — деген пикирин билдирди.

Элге берген убадаларыбызды жумушубуз менен көрсөттүк

Бакыт Төрөбаевдин жумушчу сапары ушул эле райондогу 80 адамга жумуш орун түзүп берген “Туз-Бел Таш” таш заводунда уланып, анда өндүрүлүп жаткан продукцияларды көрдү.

“Биздин партиялаштар ачкан бул завод 33 ишкананын курамында экендигин сыймыктануу менен айтсам болот. Биз элге берген убадаларыбызды сөз боюнча калтырбай, 3500 жумуш орун түздүк. Бул жерде иштеп жаткан адамдар, чет өлкөгө кетишпей, туруктуу айлык алып, үй-бүлөлөрүн багып келишет. Урматтуу мекендештер! Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан продукцияларды бирден сатып алсаңыздар, бир жумуш орун сакталат” – деди Бакыт Төрөбаев.

Бүгүн сиздер менен чогуу революция жасайбыз

Депутат Бакыт Төрөбаев ошондой эле, Жалал-Абад шаарындагы заманбап модернизациядан өтүп, суткасына 120 тонна буудайды иштетүүгө мүмкүнчүлгү бар “Дан-Юг” ун заводунун ачылышына катышты. Аталган завод “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан ачылган 33 ишкананын катарына кирет.

Эл өкүлү аталган завод ЕАЭБге киргенден бери иштебей, мында эмгектенгендер чет өлкөгө мигрант болуп кетишкенин, казынага 650 млн салык түшпөй калганын, кошуна өлкөлөрдөн аткезчилик аркылуу кирген ундар базарларды каптап, ага өкмөт убагында чара көрбөгөндүгүнө токтолду. Эгерде завод иштесе, адамдар менен жумуш менен камсыз болуп, мамлекетке салык түшөт, темир жол иштеп, соц фондко, пенсияга, жөлөк пулга жардам болорун эл өкүлү кошумчалады. Ошондой эле, мекендештерди ата мекендик өндүрүштөн чыккан продукцияларды сатып алууга чакырды. Анткени, ар бир сатылган товар – бул бир жумуш орундун сакталып калышына жардам болоорун эл өкүлү билдирди.

Бакыт Төрөбаев заводдун ачылышына келген катышуучуларга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып: “Бүгүн сиздер бата берип, кнопканы басасыздар. Бүгүн сиздер менен чогуу революция жасайбыз. Бул бийликти басып алуу эмес, индустриализация сыяктуу жаңы технологиялык түзүлүштүн өнүгүүсү болот. Урматтуу Өкмөт, Облустук Администрация, мэрияга кайрылам. Эгерде ата мекендик өндүрүшкө бүгүнкүдөй кайдыгер мамиле жасап, коргоо чараларын көрбөсө жалпы өндүрүш кыйроого учурайт. Кайсы тармак болбосун, биз өзүбүздүн оюбуз, тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз жана биз кантип жумуш орун түзүүнү билебиз” – деди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.